logo1

АДАМ/БФЭА Университетинин «Экономика» программасынын студенти Асранбек к Н. 2018ж 30мартынан 30апрелге чейин дипломдук практикага Грузияда Шота Руставели атындагы Батуми Мамлекеттик Университетинде өттү.

Кыргызстан, Грузия жана Норвегия ортосундагы билим берүү областында кызматташуу «Туруктуу туризм: айыл-часрба ишкердиги жана маданий мурас» долбоорунун алкагында бир ай окуп келди. Бул долбоордун негизги багыты билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, үч мамлекеттин ортосунда студенттердин жана персоналдын мобилдүүлүгүн арттыруу, окутуучулар жана студенттер үчүн туруктуу туризм, айыл-чарба ишкердиги жана маданий мурас темалары боюнча билимдерин тереңдетүү, тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Практика өтүү учурунда Асранбек к Назик студенттерди жана конокторду кыргыздын улуттук тамак-ашы, каада салты менен тааныштырып, кеңири маалымат берди.