logo1

Билим берүү программалардын сапатын камсыз кылуу.

2018 ж 15 февралында КР Билим берүү илим Министрлигинин конференц-залында АДАМ/БФЭА Университети Эразмус+ Европалык Союздун программасынын алкагында ишке ашырылган «Туристик сектору (EunDIQ) үчүн квалификациялардын европалык өлчөмү» долбоорунун жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен «Билим берүү программаларынын сапатын камсыз кылуу» темасында тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдун максаты: ЖОЖдордун билим берүү программаларынын сапатын камсыз кылуу областында натыйжалуу өз ара иш жүргүзүүнү өнүктүрүү. Тегерек столдун ишинде Санкт- Петербург Мамлекеттик экономикалык университетинин (РФ) жана Балтика эл аралык академиясынын (Латвия) билим берүү областынын адистери эле Кыргызстандын ЖОЖдору да тегерек столдун ишине активдуу катышышты.

Алар Ж. Баласагын атындагы КУУ, И. Арабаев атындагы КМУ, К.Карасаев атындагы БГУ, Н.Исанов атындагы КМКТАУ, М. Кашгари- Барскани атындагы Чыгыш Университети, Ала-Тоо эл арлык Университети, И. Раззаков атындагы КТУ, К. Дикамбаев атындагы Дипломатикалык академиясы, КМЮА, М Рыскулбеков атындагы КЭУ жана Б. Ельцин атындаг КРСУ