logo1

«Менеджмент жана туризм» программасынын жетекчиси Акылбекова Н.И. менен ага окуутучусу Неевина Е.А. 18чи – 31 март аралыгында Грециянын Солоники шаарындагы Аристотель Университетинде өткөн окуу семинарынын ишине катышып келишти. Семинар ERASMUS+ LMPT N°573897-EPP-1-2016-1-BG-EPPKA2-CBHE-JP (Кытай, Вьетнам жана Кыргызстандын ачык билим берүүсүндө  туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча бакалавр, магистр программаларын өнүктүрүү) долбоору боюнча өткөрүлгөн. Катышуучулар үчүн «Маданият жана туризмди башкарууда экологиялык туруктуулук, экологиялык менеджменттин системасы: тоскоолдуктар жана көйгөйлөр, туризмдеги циркулярдык экономика, европалык регионалдык саясат жана туризмди өнүктүрүүнүн түзүмдүк фондору, экологиялык демилгелерди жана алдыӊкы тажрыйбаларды колдонуу, спорттук туризм» темасындагы лекция, тренингдерди уюштурушту. Аристотель Университетинде иштеген кесиптештерибиздин новатордук илимий негизделген лекция тренингдери абдан кызыктуу болуп, чоӊ таасир тийгизди.
29598350_1497334690388758_7859928778263492123_n