logo1

2018 ж. 20 мартында Молодая гвардия бульварында Нооруз майрамына арналган концерттик программа уюштурулду. Бул иш-чара АДАМ/БФЭА Университетинин студенттик өкмөтүнүн тарабынан өткөрүлдү. Майрамдын куттуктоо сөзү менен Университеттин ректору Сирмбард С.Р., окуу жана илимий иштер боюнча проректор Абыкеева М.А жана студенттик өкмөтүнүн башчысы Сатылганов Т. Кайрылышты. Студенттердин жардамы менен кызыктуу концерттик программа көрсөтүлдү: кыргыз, өзбек, тажик, украин, түрк бийлерин тартуулашып кыргыз тилинде мукамдуу ырларды аткарышты.
IMG_3155