logo1

2018 ж. 14-16 мартында Варшава шаарында(Польша) «Европа Союз жана Борбордук Азия билим берүү областында билим берүү мекемелери жана жумуш берүүчүлөр ортосунда кызматташууну кыӊдоо» темасында регионалдык конференция өттү. Кыргызстандын атынан КР билим берүү жана илим берүү министри Кудайбердиев Г.К., КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Каденова З. АДАМ/БФЭА Университетинин ректору, доц., Сирмбард С.Р. конференцияга катышышты. Конференцияда маанилүү төмөнкү суроолор каралды: Борбордук Азия өлкөлөрүндө жеке менчик секторун активдештирүү  аркылуу калктын жумуш менен камсыз кылууга эки тараптык жана регионалдык колдоо  көрсөтүү, окуу жайлар жана бизнесс – ассоциациялардын кызматташуусу, ишканалар ортосунда кызматташуу боюнча тажрыйба бөлүшүү ошондой КР өкүлдөрү Улуттук квалификациялык рамкаларды иштеп чыгуу, окуу материалдарды даярдоодо бизнесс активдүү катышуусу, билим алуу мезгилинде ишкердик маданияттык өнүктүрүү туралуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.