logo1

2018 ж. 24 мартында «Экономика» жана «Менеджмент» багытынын 3 курсунун студенттери Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында финансы – салык сабаттуулугу боюнча студенттик командалар арасында өткөрүлгөн брейн – ринге катышышты. Були иш – чара КР Өкмөтүнө караштуу КМЮА башкаруу жана укук факультети жана КР Мамлекеттик салык кызматы КР Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулган. Брейн – рингдин жыйынтыктары боюнча биздин «F – Genius» командабыз катышкан 7 команданын арасынан 48 балл алып, 3 орунга татыктуу болушту. Сыйлыгынар кут болсун!