logo1

Эл аралык эне тил күнү

2018 ж 21 февралында АДАМ/БФЭА Университетинин 307 аудиториясында Эл аралык эне тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. «Эл аралык эне тил күнү» майрамынын максаты жана негизги милдеттеринин бири- бул дүйнөдөгү тилдик жана маданияттык көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү жана көмөк көрсөтүү, жоголуп бараткан тилдерди коргоо болуп саналат. Иш-чарага 1 жана 2 курстун студентттери активдүү катышышты. Алар дүйнөлүк тилдер жөнүндө кызыктуу газеталарды чыгарып, ырдап, бийлеп жана кыргыз, орус, англия тилдеринде акындардын ырларын окуп беришти.

Т5-16 группасынын студенттери Адылбек к А.,Мадумарова Д. жана Дооронбай к С дүйнөэлдеринин тилдерин жана ЮНЕСКО жөнүндө презентацияны тартуулашты. Иш-чаранын алып баруучулары Мусаева С менен Курманбаев Н. (Э2-16) өзүнүн ишин мыкты аткарышты. Иш-чарага активдүү катышкан төмөнкү студенттерге: Рубцова В., Качкынбаева Н., Ырыскулова А., Усенова А.(Э1-17), Ташибекова А. (Э2-17), Мадумарова Д., Адылбек к А., ооронбай к С.(Т5-16), Джуманазарова С.(М4-16), Иванчук Д. жана Г. Бактыбековага (МТ4-17) алкыш жарыяланды.

Майрамдык иш-чарага окуу жана илимий иштери боюнча проректору Абыкеева М.А., ГФДД жетекчиси Абдыкадырова М.Б. жана департаменттин окутуучулары чакырылды. Иш-чара окуу жайыбызда орус тилин окутуу программасынын алкагында өткөрүлдү.

ГФДДнин ага окутуучусу Кубатбекова Ш.К.