logo1

2018-жылдын 20-февралында Билим берүүдөгү заманбап технологиялар институту
менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча
улуттук комиссия биргеликте уюштурган, «21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө»
арналган мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада болуп өттү. Олимпиадага
Бишкек шаарынын 20 Жогорку окуу жайларынын 1-2-курстун студенттери катышты.
Олимпиаданын жобосуна ылайык төмөнкү тапшырмалар берилген:
Долбоор коргоо -1 студент
Сунуш кылынган темада дил баян жазуу жана көркөм окуу – 1 студент.
АДАМ университети/БФЭАнын 2-курсунун студенттери Сатылганов Т. (гр. Т-5-16)
жана Ильичбекова А. (гр. Э-3-16) (жетекчиси доц.Абдыкадырова М.Б.) олимпиадага
активдүү катышып келишти.
Олимпиадага Сатылганов Талгарбек «Мамлекттик тил: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу
долбоор даярдап, аны ийгиликтүү коргоду. Ал эми Ильичбекова Алтынай Ч.Айтматовдун
«Саманчынын жолу» повестинен үзүндүнү жатка көркөм окуп берди.
Т.Сатылгановдун долбоору мыкты долбоор катары китеп жана сертификат менен
сыйланды. Дил баян жана көркөм окуу сынагына катышкандыгы үчүн А. Ильичбековага
сертификат берилди. Студенттерди даярдагандыгы үчүн доцент М.Б.Абдыкадыровага
ыраазычылык кат ыйгарылды.
Гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар департаменти
21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө