logo1

Бүгүн АДАМ/БФЭА Университетинде «Жумушка орношуу: резюмени сабаттуу түзүү жана интервьюну ийгиликтүү берүү» темасында тренинг өттү. Иш-чаранын тренеринин милдетин АДАМ/БФЭА жана Павия Университетиниин «Эл аралык бизнес жана экономика» багытынын бүтүрүүчүсү Карипова Эльвира аткарды. Ал ошондой эле эл аралык «Интербилим» борборунда да эмгектенген. Тренингдин программасында катышуучуларга резюмени (CV) туура түзүү жана коштоо каттарды (кепилдеме, мотивациялык) жазуу эрежелери тууралуу маалымат берилди.Ошондой эле маектешүүгө даярдануунун маанилүү аспектилерине көңүл бурулду.

IMG_9019