logo1

АДАМ/БФЭА Университетинин студенттик өкмөтү кайрымдуулук иш-чара өткөрүүгө демилге көтөрүп чыгышты. Алардын бул кайрымдуулугу ишин Университеттин профессордук окутуучулук курамы жана студенттери колдошту.

2018 жылы 5 март куну англис тили А. Касымованын жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын Интергельно 8 дарегинде жайгашкан карылар үйүнө белектери жана концекрттик номерлери менен барышты. Студенттер кары адамдарга майрамдык маанай тартуулоого бүт аракеттерин жумшашты. Абдыгапар уулу Абдыбек (Э-1-16) «Ата-эне», Салыбекова Элита (Э-1-16) «Кыздын сыры», Марат уулу Адилет (Э-2-17) «Сулууларга суктанууга акым бар» аттуу ырларды чеберчилик менен аткарып, карылар үйүндөгү ата, апаларга майрамдык маанай тартуулап, күлкү шаңга бөлөштү. Университеттин бүтүрүүчүсү Сагынова Нурзат жана гуманитардык дисциплиналар департаментинин окутуучусу Касымова А.Н. да карыларды 23 февраль жана 8 март майрамдары менен куттуктап, студенттер менен чогу ырдап жаттышты.