logo

UNIWORK долбоордун алкагында жаштарды жумуштуулук жана ишкерди.

Биринчи регионалдык форум бүгүн 2016 жылдын 10 мартында ѳзүнүн ишин баштады.

Бул иш-чара Билим берүү министрликтердин, долбоорго катышкан жождордун жетекчилеринин, карьера борборунун, ишкерлер ассоциацияларынын жана Борбордук Азиянын соода- ѳнѳр-жай палаталарынын ѳкүлчүлүктѳрүнүн катышуусу менен Бухара Мамлекеттик Университетинин базасында ѳтүп жатат.

БФЭАнын атынан тарбия иштери боюнча проектор, ф.и.к. Эгембердиев Ш.Э. жана Карьера Борборунун директору Маслова Л.М. катышты.

Регионалдык форумдун максаты- регионалдык деңгээлде жаштардын жумуштуулугу жана жаштардын ишкердигин ѳнүктүрүү тууралуу кѳйгѳйлѳрдү талкуулоо.

Форумдун биринчи бѳлүгүндѳ Кыргызстанда, Казакстанда, Түркмѳнистанда, Ѳзбекистанда, Таджикистанда ѳткѳн жаштардын жумуштуулугу жана ишкердиги Улуттук форумдун жыйынтыктары кѳрсѳтүлдү.

Кыргызстанда Биринчи Улуттук форум 2015 жылдын 25 сентябрында ѳткѳн.

Бүгүнкү иш-чаранын экинчи бѳлүгүндѳ UNIWORK долбооруна катышкан жождордун бизнес-план конкурсунун жеңүүчүлѳрүнүн бизнес-идеяларын презентациялоо пландаштырылып жатат.

БФЭАнын атынан гидропониканын негизинде теплица куруу идеясын Э-2-13 гр. студенти Лимарева А. тартуулайт. Анжеликага ийгилик каалайбыз!

Тышкы байланыштар бѳлүмү