logo1

БФЭАнын студенттерин, магистранттарын жана аспиранттарын «стратегиялык матрица-2016» (кийин-конкурс) аттуу Глобалдык конкурска катышууга чакырабыз.

Бул конкурска экономика, футурология жана стратегиялык башкаруу чѳйрѳсүндѳ фундаменталдык изилдѳѳлѳрдү, жаш адистер жана изилдѳѳчүлѳр (техникалык, табигий-илимдери жана гуманитардын адистктери) катыша алышат.

Бул Конкурс экономикалык стратегиялык институт (ИНЭС), эл аралык келечекти изилдѳѳ академиясы (МАИБ), стратегиялык башкаруу эл аралык лигасы Улуттук ядердик изилдѳѳ Университети жана Globethics.net (Швейцария) коммерциялык эмес фондусу менен кызматташуунун негизинде таланттуу (жѳндѳмдүү) жаштарды колдоо максатында уюштурулган. «Стратегиялык матрица» конкурса ѳзүнүн кѳп жылдык тарыхында бир нече жүз катышуучуларды чогултту жана алардын 50дѳн ашыгы программанын лауреттары болуп, ѳзүнүн корьердик ѳсүшүндѳ жогорку жетишкендиктерди кѳрсѳтүштү.

Бул Конкурска жана анын лауреттарына Мамлекеттик структуралардын жана ишканалардын жетекчилери ѳзгѳчѳ кѳңүл бурууда. Анткени келечектеги башкаруучулардын кадр резервдерин колдѳѳ- бул ѳлкѳнүн келечегине салым кошуу.

«Стратегиялык матрица»-2016 Глобалдык конкурсу үч этапта ѳткѳрүлѳт:

1 тур: 2016 жылдын 20 марты – on-line форматында интеллектуалдык тестирлѳѳ ѳткѳрүлѳт;

2 тур: 2016 ж. 21-30 марттында – талапка ылайык Конкурстун катышуучулары эссе даярдашат (1 теркеме). Эссени даярдо үчүн «Жоопкерчиликтүү лидер» проблематиканын алкагында темалар сунушталат (тандоо боюнча):

* саясатта;

* саламаттык сактоодо;

* илимде;

* экологияда;

* агрардык сектордо;

* ѳнѳр-жайда;

* маалыматтык технология секторунда;

* үй- бүлѳдѳ;

* чакан бизнесте;

* ири корпорацияларда;

* мнновациялык бизнесте;

* жогорку билим берүүдѳ;

* этика жана социалдык жоопкерчилик областарында изилдѳѳлѳр. Эссе тиркеме жана электрондук түрдѳ презентацияны smirnova@inesnet.ru (копия на verasom@mail.ru) дареги боюнча жѳнѳтүңүздѳр.

Эксперттик комиссия 1 жана 2 турлардын жыйынтыгы боюнча жогорку балл топтогон жана эссенин жыйынтыгы менен катышуучулардын тизмесин арасынан түзѳт;

3-тур: 2016 жылдын 1-30 апрели- Конкурстун финалы стратегиялык оюндун форматында ИНЭСтин базасында (Россия, Москва) ѳткѳрүлѳт.

Конкурстун жана on-line добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча интегралдык баа коюлуп, жюринин чечими менен «катышуучу», «лауреат» деген наам ыйгарылат.

«Стратегиялык матрица- 2016» Глобалдык конкурстун сыйлык берүү программасын уюштуруучулар камсыз кылат.

3 турдун ѳткѳрүү мезгилинде болгон чыгымдарды катышуучулар ѳздѳрү тѳлѳйт.