logo

2016 ж. 29 февраль БФЭАнын студенттерине Кыргызстандагы ATESEC эл аралык студенттик уюмдун «Стажировка жумушка орношуунун биринчи этабы. Кѳйгѳйлѳр жана перспективалар» темасындагы лекция ѳткѳрүлдү.

ATESEC стажировкаларынын максаты- студенттерге компанияларда иш жүргүзүүдѳ эл аралык тажрыйба берүү, алган жаңы билимдерин ѳркүндѳтүү, эл аралык тармактарды түзүү, ѳздѳрүнүн билимин, идеяларын Кыргыз Республикасында колдонуу.

Мындан сырткары презентацияда уюмдар чет ѳлкѳгѳ жаштарды кесиптик стажировкага тандоо учурунда пайда болгон кѳйгѳйлѳрү тууралуу сѳз болду. Мисалы, алардын теориялык билиминин азыркы реалдуу талаптарга жооп бербегени, ѳздѳрүнүн мыкты жана начар жактарын туура баалабаганы ж.б. Ошондой эле бул кѳйгѳйлѳрдү чечүү жолдоруда сунушталды.

ATESEC маалыматтык технологиялар жана маркетинг, окутуучулук багыттар боюнча стажировка ѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк берет.