logo1

4-декабрда БФЭАнын окуу жана илимий иштер боюнча проректору, э.и.к. Джумабаева М.З. “2016-жылы КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуунун Мамлекеттик буйрутмасы жөнүндө маалымдоо” аттуу тегерек столго катышып келди.

Тегерек стол КРнын Мамлекеттик кадр кызматы жана Швейцария Өкмөтү каржылаган жана саясатты өнүктүрүү Институту тарабынан аткарылуучу “Эл үнү жана МСУ органдарынын эсеп бермеси: бюджеттик прогресс” долбоору менен биргеликте уюштурулган.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын окутуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Н.К.Алишеров 2016-жылга карата мамлекеттик буйрутмалар жана 2014-2015-жылдары өткөрүлгөн мамлекеттик буйрутмалардын тажрыйбалары тууралуу маалымат берди. Тегерек столдун катышуучулары мамлекеттик буйрутманын алкагында окутууну жана КР мыйзамына ылыйык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кароо-сынактын эрежелери менен таанышышты.