logo1

3-декабрда 2015-жылы БФЭА да “SMM бизнесте” аттуу бизнес-план түзүү боюнча конкурс алкагында 3 – тренинг болуп өттү. Коммуникация жана PR-менеджмент боюнча адис Ширин Дубанаева өткөрдү. Ал өздөрүнүн бизнес-планын өнүктүрүү жана социалдык булактар аркылуу тейлөө боюнча практикалык кеңештери менен ой бөлүштү, ошондой эле PR-менеджменттин эффективдүү башка инструменттери тууралуу айтып берди. Тренер бул сыяктуу инструменттер кандай иштерин жана жеке бизнес ачуунун жол-жобосун түшүндүрдү.

 

 

Чүй областынын мектептеринде кезектеги профориентациялык иш улантылууда. БФЭАнын профессордук-окутуучулар курамы: проф.м.а Мамбетакунов М.Э., улуу окутуучулар Нагаева Г.К., Неевина Е.А., окутуучу Мавлянов У.,

ММБнын инженерлери Ташматова Э., Рахимов К. жана Э-1-13 группасынын студенти Казаков М. Сокулук айылындагы жана Кара-Балта шаарындагы мектептерде болушту.

Мектептер менен кызматташып, профориентациялык иштерди жүргүзүү боюнча келишим түзүлдү. Мектептин директорлору, окуучулар БФЭА тарабынан сунушталган багыттар менен таанышып, кызыгууларын билдиришти.

Даярдаган: Мамбетакунов М.Э.

 

 

Урматтуу студенттер!

“Коддун сааты” Глобалдык акцияга катышууга жазылуу жүргүзүлүп жатат. Сиздерге биздин волонтерлор программалоо оңой экендигин көрсөтүшөт. 2015-жылдын 7-декабрынан 13-декабрга чейин дүйнө жүзүнүн миллиондогон эли (чоңдор жана балдар) программалоону үйрөнүүгө 1 саатын арнашат.

Акциянын максаты:

1) Тандаган кесипке карабастан кызыктуу жана жеткиликтүү

формада программалоону үйрөнүүгө кызыктыруу

2) Адамдын оюн маалымат булактарын (социалдык тармак,

компьтердик оюндар) жөнөкөй колдонуудан түзүүчү позициясына өзгөртүү. “Коддун сааты” Глобалдык акция 7-декабрда саат 11.00 до, 9-декабрда 12.00 до, 11-декабрда 13.30 да БФЭАнын 301 аудиториясында өткөрүлөт. Каалоочулар фундаменталдык дисциплиналар департаментинин методисти Айкеримге (106-кабинет) жазылса болот. Ар бир катышуучуга сертификат жана наклейкалар берилет. Активдүү катышуучуларга “Коддун сааты” Глобалдык акциянын логотиби менен футболкалар ыйгарылат.

Мүмкүнчүлүгүңдү пайдаланыңыз!

Сиздерди күтөбүз!