logo1

2015-жылы 1-декабрда “Экономика” программасы

студенттердин чыгармачылык жана билүү жөндөмдүүлүгүн артыруу максатында “Экономика -сыймыктуу кесип ”аттуу конкурс өткөрүштү.

Конкурстун катышуучулары төмөнкү багыттарда өздөрүнүн даярдыгын көрсөтүштү.

1. “Экономика” программасынын эмблемасы

2. “Экономика” программасынын девизи

3. Тема боюнча презентация

Презентациянын структурасында төмөнкүлөр камтылыш керек: теманын негизи (актуалдуулугу, максаты, милдеттери), изилдөөнүн методдору (байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, чыгармачылык иши, адабиятты анализдөө), презентация, кызыктуу фактылар (Кыргыз Республикасынын жана дүйнө жүзүнүн тажрыйбасы), жыйынтыгы жана сунуштар.

Конкурска 1-курстун “Финансисттер”, “Жаш экономисттер”, “Рынок балдары”, “Сарамжал экономисттер” командалары катышты. Калыстар тобу: БФЭАнын тарбия иштери боюнча проректору Эгембердиев Ш.Э., доцент Чепик И.В., студенттик өкмөттөн Абдыбек уулу Д., “Экономика” программасынын жетекчиси Абыкеева М.А.

5 баллдык системанын жыйынтыгында грамота менен сыйланышты:

1. Мыкты презентация үчүн – “Финансисттер” командасы

2. Мыкты эмблема – “Рынок балдары” командасы

3. Мыкты девиз – “Сарамжал экономисттер” командасы

Конкурстун бардык катышуучулары китептер, таттуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!

Глобалдуу ойлонуп, жигердүү аракеттенгиле! БФЭАда активдүү аракеттенсең, ийгиликке жетишесиң!

03122015конкурс экономист

[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5426.jpg]410
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5435.jpg]290
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5443.jpg]270
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5455.jpg]200
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5479.jpg]180
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5487.jpg]140
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5496.jpg]180
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5509.jpg]110
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5514.jpg]90
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5518.jpg]110
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5533.jpg]90
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5545.jpg]170
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5550.jpg]120
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5556.jpg]90
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5562.jpg]100
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5576.jpg]170
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5578.jpg]120
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/03122015/thumbs/thumbs_img_5581.jpg]100