logo1

2015-жылы 24-ноябрда БФЭАда “Экономика” программасынын 3-курстун студенттеринин арасында дебат болуп өттү. Дебат эки турдан турду.

I турдун темасы: “Келечек кайсы акча бирдигинде”

II турдун темасы: “ЕАЭБ алкагындагы бирдиктүү валюта мейкиндиги: макул жана каршы”

2 турдун жыйынтыгы боюнча I орунду Э-2-13 группасынын командасы, 2-орунду Э-1-13 группанын командасы, 3-орунду Э-3-13 группанын командасы ээледи. Калыстар тобу презентациянын жасалгасына жана мазмунуна, дебатты өтүү этикасына, башкаларды угуу, суроо берүү жана жооп берүү жөндөмдүүлүгүна жана тайм-менеджменттке көңул бурушту Мыкты аналитик жана дебатчы катары Э-3-13 группасынын студенти Давид Сулимовду белгилешти. Бардык катышуучулар өздүк грамоталар, баалуу белектер менен сыйланышты. Эң негизгиси студенттер кошумча билимге ээ болушуп, тажрыйба топтошту.

 

Профориентация активдүү стадияда

Чүй областынын мектептеринде профориентациялык иш улантылууда. Жумушчу группанын өкүлдөрү Нагаева Г.К., Рыскулова М.К., Шаршеева А.Н., Мамбетакунов У.Э., студенттик өкмөттүн төрагасы Эрмек уулу Бексултан жана ММБнын инженери Ташматова Э. №2 Новопавловка, №1 Новопавловка, Ч.Айтматов атындагы УОКЛ, Гавриловка, №1 Шопоков, №2 Шопоков, Раздольное, Озерное, Маевка айылдарындагы, Степное айылындагы “Келечек” орто мектептерде болушту.

Жолугушуу учурунда окуучулардын берген суроолоруна караганда абдан кызыккандыгы көрүнүп турду. ЖОЖдогу стажировка өтүү мүмкүнчүлүгү, окуу төлөмдөрүнө жеңилдиктердин берилиши, студенттик турмуш ж.б. тууралуу суроолорду беришти.

Студенттик өкмөттүн төрагасы Эрмек уулу Бексултан студенттик өкмөттүн ишмердүүлүгү жана алар тарабынан өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Жогоруда аталган мектептердин директорлору менен кызматташуу келишими түзүлүп, келишимдеги иш-чараларды өткөрүү сунушталды.

Даярдаган: Мамбетакунов У.Э.

 

Бүгүнтөн баштап Чүй областынын мектептеринде профориентациялык иш башталды. Биринчи группаны “Экономика” программасынын улуу окутуучусу Нагаева Г.К., “Менеджмент жана туризм” программасынын улуу

окутуучулары Сеитова Ч.А., Тулеев Р.Дж. жана ММБнын инженери Ташматова Э. жетектешти.

Алар Новопокровка, Лебединовка, Кеңеш айылдарындагы мектептерде болушту.

Профориентациялык иштин жүрүшүндө кызматташуу келишими түзүлдү. Мектептердин директорлору, окуучулар БФЭА сунуштаган багыттарга кызыкдар болушту.

Даярдаган: Мамбетакунов У.Э.

24.11.2015школы

[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4917.jpg]281
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4924.jpg]170
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4926.jpg]160
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4930.jpg]160
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4936.jpg]181
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4941.jpg]150
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4944.jpg]130
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4949.jpg]140
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4958.jpg]110
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4962.jpg]100
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4978.jpg]120
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4989.jpg]110
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_4998.jpg]180
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_5002.jpg]100
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_5022.jpg]100
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_5034.jpg]100
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_5039.jpg]90
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_5050.jpg]70
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_5055.jpg]80
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_blob.jpg]100
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_blob_0.jpg]80
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_blob_1.jpg]60
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/24-11-2015/thumbs/thumbs_img_5058.jpg]101