logo1

2-ноябрда  БФЭАнын окуу жана илимий иштер боюнча проректору, э.и.к. Джумабаева М.З. Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги уюштурган “Япониядагы окуу” аттуу ярмаркага катышып келди. Бул иш-чара Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы корпусунда өтүп, КЭАУнун, И.Раззаков атындагы КМТУнун, И.Ахунбаев атындагы КММАнын, Ж.Баласагын атындагы КУУнун өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн окуу жайларындагы окутуу формалары жана бакалавриат, магистр, аспирант, докторлор үчүн программалары менен тааныштырышты.

Япония тараптан Япония Эл аралык университети (IUJ), Цукуба университети (Tsukuba), Рицумейкан Азия-Тынч океан университети (APU), Осака педагогикалык университети (OKU), Япония илим өнүктүрүү коому (ISPS) Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги катышышты.

Япониянын жождору гуманитардык жана социалдык илимдер боюнча кыргыз студенттерге, магистранттарга, докторанттарга стипендиялык программаларды сунушташты. Борбордук Азия өлкөлөр үчүн англис тилинде атайын программаларды өткөрүү жана Япония Өкмөтү тарабынан стипендия алуу мүмкүнчүлүгү ж.б. фонддор тууралуу кенен маалыматтар берилди.

Толук маалыматты Кыргыз-Япон борборунан (312) 90 65 80 тел. аркылуу билсеңиздер болот.