003

2015-ж. 24-октябрда БФЭАнын студенттери “Менеджмент жана туризм” программасынын доценттин м.а. М.К. Рыскулованын жетекчилиги астында 4-жолу Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт музейинде өткөрүлгөн “Эко-Баштык” фестивалына катышышты.

Фестивалдын максаты: айлана-чөйрөгө көнүл буруп, таштандандылардан арылуу, экологиялык маданиятка тарбияоо, эко-баштыктарды  колдонууну салтка айлантуу. 1 курстун студенттери фестивалдын шартына ылайык эски буюмдардан жасалган өздөрүнүн иштерин көрсөтүштү. БФЭАнын студенттери көрүүчүлөргө мыкты чеберчиликте бийин тартуулашып, ар бир автор өздөрүнүн эко-баштыктарын көрсөтүштү. Калыстар тобу тарабынан  биздин студенттердин айрым буюмдары жактырылып, белектерге татышты. “Менеджерлер” борборубуздагы таштандылар көйгөйүн чагылдырган видеоролигин көрсөтүштү. Калыстар тобу БФЭАнын студенттерин активлүү катышуучу катары баалашып. ыраазычылык билдиришти.

 

“Менеджмент жана туризм” программасынын доценттин м.а.

М.К. Рыскулова