logo1

2015-ж. 24-октябрда Бишкек финансы-зкономикалык академиясы Кытай Эл Республикасынын Гуанси педагогикалык университети менен кызматташуу тууралуу Мемерандумга кол коюшту.

Кытай тараптан Гуанси педагогикалык университетинин президенттик аппаратынын жетекчиси Чен Сянжу, директордун орун басары Ли Донгмей, партиянын генералдык катчысы, профессор Ванг Нан, декандын орун басары, профессор Пенг Сигхонг, декандын орун басары, профессор Чен Мен жетектешти.

Бишкек финансы-зкономикалык академия тараптан окуу жана илимий иштер боюнча проректор, э.и.к. Джумабаева М.З., тарбия иштери боюнча проректор, ф.и.к., доцент Эгембердиев Ш.Э., окуу бөлүмүнүн башчысы Суеркулова Н.Т., тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Маслова Л.И. болушту.

Мемерандум өз ара тажрыйба бөлүшүү, экономика жана туризм багытындагы бакалавриат боюнча студенттерди окутуу кызматташтыгы, студенттер жана профессордук-окутуучулар курамы менен алмащуу, илимий-изилдөө долбоорлорду камтыйт. Биргелешкен семинар, илимий конференциялар жана изилдөө иштери каралды.