logo1

2015-ж. 15-октябрда БФЭАнын студенттери №70 мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн  “Табигый кырсыктардагы биринчи жардам” аттуу тренинг өткөрүштү.Тренингдин максаты мектеп окуучуларын дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргызстанда болуп жаткан табигый кырсыктар: жер титирүү, суу ташкындылар, мөнгүлөрдүн эриши ж.б. жөнүндө маалымдоо.

Табигый кырсыктардан жабырлаган адамга биринчи жардам көрсөтүү, жүрөгүнө массаж жасоо аркылуу туура дем алдыруу, адамдын жабырлаган жерин таңуу, жер титирөөдө өзүн сактоо, калканчты туура орнотуу ж.б. тууралуу презентация көрсөтүлдү. Тренинг өткөрөөрдөн мурун “Жер титирөө” аттуу сүрөт кароо-сынагын өткөрүшүп, жеңүүчүлөрдү сыйлыктар менен сыйлашты.