logo1

2015 жылдын 14 октябрь күнү БФЭА «Достук» мейманканасынын «Амфитеатр» залында 1-курстарды студенттердин катарына кабыл алуу жана бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу салтанаттуу кечесин өткөрдү.

Кече Кыргыз Республикасынын Гимнин салтанаттуу аткаруусу менен башталды.

Биринчи курстун студентткрине, бүтүрүүчүлөргө, окутуучуларга, иш-чарага келген меймандарга, БФЭА камкөрүү кеңешинин төрагасы, мамлекеттик эмес «Кыргыстан» пенсиондук фондусунун башчысы Ш.Э.Атаханов куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал өзүнүн сөзүндө бүтүрүүчүлөргө ак жол, кесиптик ийгилик, окууга жаңы өткөн студенттерибизге билим алуу жолунда талыкпаган эмгек, окууда чоң жетишкендиктерди каалап өттү. Ошондой эле билим берүү тармагында көп жылдар бою эмгектенип келген окутуучуларгада ыраазычылыгын билдирди.

Куттуктоо сөзү менен 1 курстун студенттерине, бүтүрүүчүлөргө БФЭАнын ректору, доц. С.Р. Сирмбард кайрылды: «Кымбаттуу студенттер, бүтүрүүчүлөр, кесиптештер! Биз көп жылдан бери студенттердин катарына кабыл алуу жана бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө диплом тапшыруу аземин бир күндө өткөрүп жүрөбүз. 1 курстар үчүн бул билим жолунда алкачкы старт болсо, бүтүрүүчүлөр үчүн карьера жолундагы алгачкы старты деп айтсак болот. Биздин академияны тандап, окууга өткөн биринчи курстун студенттери, силерге да келечекте кесиптик ийгилик каалаймын! Азыркы учурда биздин бүтүрүүчүлөрүбүз Министрликтерде, бизнес-компанияларда, ар кайсы бизнес-структураларда, Жогорку Кеңеште үзүрлүү эмгектенип жатышат. БФЭА алгачка карьера жолунунплатформасы десек жаңылбайбыз. БФЭА өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен дайыма тыгыз байланышта. Биздин бүтүрүүчлөр Ассоциациясынын бул ишти жүргүзүүдө салымы чоң. Окуу жайыбыз менен байланышты үзбөй, билимин тереңдеткиси келген бүтүрүүчүлөр үчүн кызыктуу долбоорлорду сунуш кылабыз…»

Академиянын илимий жана окуу иштери боюнча проректору, э.и.к. доц. Джумабаева М.З. өзүнүн куттуктоо сөзүндө окууда ийгилик, алдыга бийик максаттарды, коюп, активдүү студент болууга чакырды.

Андан кийин окуу бөлүмүнүн башчысы Суеркулова Н.Т. биринчи курстарга символикалык студенттик билетин тапшыргандан кийин, эл аралык студенттик гимн аткарылды.

Сабакты мыкты жетишкендиктери үчүн жана Академиянын коомдук ишинде активдүү катышкан БФЭАнын стипендиаттары Табалдиева П. менен Кузнецов Р. дагы өзүнүн кеңештерин айтып өтүштү: «Аракет кылсаңар ийгиликтерге жетесиңер. Тренинг, семинарларга катышкыла. Студенттердин көбү практика учурунда эле жумуш менен камсыз болушат. Силерге ийгилик каалайбыз!»

Иш-чаранын расмист бөлүгүнөн кийин, БФЭАнын студенттери өздөрүнүн музыкалык номерлерин тартуулашты.

Студенттер менен өткөрүлгөн мындай иш-чаралар БФЭАнын 20-жылдык үзүрлүү ишмердүүлүгүндө калыптанган салттары менен бүтүрүүчүлөр 1 курстарды тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзөт жана аларга жоопкерчиликти сезүүгө жардам берет.

14.10.2015 Посвящение

[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8077.jpg]761
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_678.jpg]841
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8145.jpg]590
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8157.jpg]560
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8160.jpg]570
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8164.jpg]621
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8205.jpg]450
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8215.jpg]531
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8227.jpg]420
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8244.jpg]670
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8257.jpg]450
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8268.jpg]410
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8270.jpg]530
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8294.jpg]400
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8324.jpg]420
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8329.jpg]360
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8335.jpg]360
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8336.jpg]360
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8344.jpg]340
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8349.jpg]290
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/14-10-2015/thumbs/thumbs_img_8403.jpg]331