logo1

2015 жылдын 14 октябрында БФЭАда ММУнин жана Жогорку экономика мектебинин профессору, Климаттын өзгөрүү боюнча өкмөт аралык группасынын эксперти (МГЭИК), Киот протоколунун даярдоого түздөн түз катышкан, жаратылыштын Бүткүл дүйнөлүк фондунун россиялык климат программасынын координатору Кокорин Алексей Омговичтин жана жаратылыштын Бүткүл дүйнөлүк фондунун (WWFРоссия) өкүлү Оксана Липканын чакыруу лекциялары болуп өттү. Лекция учурунда климаттын өзгөрүү жана Борбордук Азияда жана дүйнөдө аны чечүү жолдору, ошондой эле Кыргызстанда экологиялык туризимди өнүктүрүү перспектива көйгөйлөрү чагылдырылды.

Дискуссия учурунда катышуучулар эксперттерге климаттын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн баалоо, климаттын өзгөрүүсүнө атмосферага болгон таштандылардын таасири тууралуу суроолорду беришти. БФЭАнын студенттери дискуссия активдүү катышып, аларды кызыктырган туризмдеги брендинг проблемвсы жана Кыргызстандагы мергенчилик туризмди өнүктүрүү боюнча эксперттердин көз карашын билгилери келди.