logo1

2015 жылдын 12 октябрында БФЭАнын 1 курсунун студенттери доценттин м.а. М.К. Рыскулованын жетекчилиги астында «Таштандыларды кирешеге айландыралы!» атту көргөзмө уюштурушту Көргөзмөнүн максаты- БФЭАнын студент жаштарын айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакыруу, алардын экологиялык маданиятын өстүрүү. «Эски буюмдарга-экинчи өмүр берели!» аттуу лозунгдун астында студенттер өз колдору менен тигилген буюмдарды көрсөтүштү.

Көргөзмөдө оргиналдуу, этностилиндеги джинсы, кийиз кесиндилеринин жасалган сумкаларды көрсөтүштү.

Эко-плакаттардын конкурсунда 1-байгелүү фунду менеджелер алышты.

 

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди «Жаңы экономика-жаңы мүмкүнчүлүктөр» VII Жаштар экономикалык форумуна катышууга чакырабыз. Форум 2015 жылдын 12-14 ноябрында Петрозаводск шаарында (Россия) өтөт. Форумдун негизги уюштуучусу-Карелия Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен РИАнын Карел илимий борборунун экономика институту.

Форумдун алкагында үч багытта иш-чаралар өтөт:

* илимий

* билим берүү

* жаштар ишкердүүлүгү.

Форумдун программасы жана катышуу шарттары маалыматтык катта жана econforum.ru интернет каражатарынан алса болот. Бардык суроолор боюнча уюштуруучу комитет email: forum_insteco@inbox.ru же 8(8142)570727 тел. аркылуу байланышсаңар болот https://www.facebook.com/youthEconForum