003

«Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү!»-бул дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде болбосун «ачык эшик» күнү. Саякатка баруу кандай гана керемет! Саякат жасаганды жакшы көргбөгөн дүйнөдө бирда адам болбосо керек. Турист болуу модага айланган. Бирок эң негизгиси турист-бул ден соолугу чың жана активдүү адам.

1979 жылы Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун Генералдык ассамблеясы Испаниянын Торремолинос шаарында 27 сентябрь Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү деп жарыялаган.

Бул күнү дүйнө жүзүнүн ар кайсы жерлеринде иш чаралар өткөрүлүп, салтанаттуу жолугушуулар, мыктыларга сыйлыктар берилет. Биздин Академиябызда четте калган жок…

2015 жылдын 26 сентябрында БФЭАнын студенттери окутуучулар менен бирдикте Кегети капчыгайына туристтик саякатка барышты. Ал жерде бизди кеңири оюн-зоок программасы күтүп турду. Ар кандай конкурстар, викторина, оюндар, капчыгайдын эң керемкттүү жерлерине баруу.

Конкурстарда 4 команда активдүү болушту. Алардын ичинен «эң мыктысы» деп Т-6-13 командасы табылды. Чын жүрөктөн куттуктайбыз, дагы чоң ийгиликтерге жетүүңөргө тилектешпиз!

Саякат эң кызыктуу болду. Убакыт текке кеткен жок!