logo1

Кыргыз википедиясында иштөө технологиясы.

Бүгүн 2015 жылдын 16 сентябрында БФЭАда 1-3 курстардын студенттери үчүн уюштурулган «Кыргыз википедиясында иштөө технологиясы» темасында мастер-класс өттү. Бул мастер-классты БФЭАнын доценти, д.п.и.д. «Ачык билим берүү ресурстары» коалициянын мүчөсү У.Э.Мамбетакуновдун чакыруусу юбоюнча КМЮАнын 4-курсунун студенти Насыров Аскар проф. Т. Чоротегиндин жетекчилиги алдында интернет

мейкиндигинде кыргыз википедиясын киргизүү боюнча группасынын көмөгү менен өткөрдү.

Бул мастер-класстын алкагында Насыров Аскар студенттерге Википедиянын жаралуу тарыхы, кыргыз уикипедиясына материалдарды топтоо идеясы тууралуу, жакшы макаланын негизи, стили, автордук тексттин негизи тууралуу айтып берди. Студенттерге өздөрү кыргыз уикипедиясынын барактарына макаланы жазуу жана жайгаштыруу сунушталды.

Кыргыз уикипедиясына макаланы жайгаштыруу технологиясын өздөштүрүүнү каалаган студенттер төмөнкү БФЭАнын студенттерине кайрылсаңыздар болот:

1. Асранбек кызы Назик

2. Мирзалимова Лаззат

3. Калыбеков Канат

4. Азамат кызы Мырзагуль

5. Төлөкбаева Айкерим

6. Мамадраимова Айканыш

7. Эгембердиев Алишер

8. Абылбекова Эркеайым

9. Малдыбеков Эрлан

10. Абдималиков Рысбек

11. Байсултан уулу Мирбек