logo1

Бүгүн 2015ж. 1 сентябрында БФЭАда Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү Академиянын ректору доц. Сирмбард С.Р. окуу жайыбыздын студенттерин жана профессордук- окутуучулук курамын чын жүрөктөн майрамдары менен куттуктады. Өзүнүн куттуктто сөзүндө ал академиянын келечеги тууралуу, студенттерге берилген мүмкүнчүлүкторгө токтолду.

Биринчи курстун студенттерин академиянын проректорлору, программалардын жана департаменттердин жетекчилери менен тааныштырды.

Окуу жана илимий иштер боюнча проректор, э.н.к., доц. Джумабаева М.З. өзүнүн куттуктоо сөзүндө студенттерге окууда ийгилик каалап, окуу процессинин натыйжалуулугу өзүңөрдүн колуңарда деп баса белгиледи.

 

БФЭАнын тарбия иштери боюнча проректору ф.и.к., доц. Эгембердиев Ш.Э. мыкты окуган, академиянын коомдук турмушунда активдүү катышкан, окуу акысын төлөөгө жеңилдик берүүгө сунушталган. Жогорку курстардын студенттеринин тизмесин окуп берди. Ошондой эле ЖРТ жогорку балл алган, мыкты аттестат жана дипломго ээ болгон биринчи курстардын студенттерин да белгилеп кетти.

 

Урматтуу абитуриенттер!

Орозо Айтка байланыштуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен абитуриенттердин документтеринин кабылалуусу 17 июлдан 20 июлга которулат.

 

БФЭАнын кабыл алуу комиссиясы

Конрад Адэнауэр атындагы фондунун степендиясына татыктуу болгон БФЭАнын студенттери Туратбеков Нурланды жана Лимарева Анжеликаны чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Чыгармачылык жана окуудагы ийгиликтерди каалайбыз!

Биз силер менен сыймыктанабыз!

 

ERASMUS+Capacity building in highen education 2015 программасынын биринчи коллунун жыйынтыктары жарыяланды!

Россиянын жана Кыргызстандын Билим берүү министрликтердин, туристтик индустрия мекемелердин, университтердин консорциумдар курамындагы мульти-регионалдык долбоор «European Dimension in Qualifications for the Tounist Sector» долбоорун ишке ашыруу грантын утуп алды. Кыргызстан тарабынан бул консорциумга Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Ысык-Көл Мамлекеттик Университети, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Жибек Жолу туристтик Ассоциациясы катышты. Долборордун координатору Baltijas Starptautiska Academija (Латвия). Европалык Комиссия тарабын жалгыз тандалып алынган мульти-регионалдык долбоорго Кыргызстандын ЖОЖдору катышаарын баса белгилеп кеткибиз келет. Биздин Россия жана Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүздү грантка ээ болуушу менен куттуктайбыз!

Сиздерге жалпы ишибизди турмушка ашырууга зор чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

 

Студентердин, магистранттардын, докторанттардын көңүлүнө!