003

2015 жылдын 18-21 сентябрында Тыва Республикасынын Азиянын географиялык борбору болгон Кызыя шаарында I эл аралык «Евразиянын интеллектуалдык алтыны» жаштар форуму болуп өтөт.

Форумдун максаты:

Аймактарды өнүктүрүү жана маданий аралык коммуникацияларды, эл аралык кызматташуу, бизнес, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү актуалдуу масилерди чечүү процессине жаштарды тартуу.

Форумдун программасы беш негизги багыттар боюнча панелдик сессияларды өткөрүүнү көздөйт.

* «Маданият, билим берүү жана руханият»;

* «Туризм жана аймактардын бренди»;

* «Ишкердик»;

* «Глобалдык жана регионалдык коопсуздук талап жана тобокелдик»;

* «Пайдалуу кендерди казуу жана иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү инновациялык технологиялар».

Форум жөнүндө жана анын программасы тууралуу толук маалымат (катышуу шарты форумдун программасы, каттар, форумдун буклети).

 

Кымбаттуу БФЭАнын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери!

Жаштардын жана ишкерлердин Биринчи Улуттук Форумунун логотибин жаратуу үчүн мурда жарыяланган чыгармачылык конкурстун студенттердин жайкы каникулуна туш келгендигине байланыштуу арыз берүү мөөнөтү 2015 жылдын 5 сентябрына чейин узартылат.

Логотипти жаратууга жеке бир адам жана чыгармачылык топ катыша алат.

Логотип сөзсүз «Кыргызстандагы жаштардын жана ишкерлердин Биринчи Улуттук форуму» деген сөздөр жана UNIWORK долбоорунун логотиби болууга тийши жеңүүчүлөр Facebook добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат. Эң көп «лайк» чогулткан үч талапкер баалуу белектер менен сыйланышат

Маалымат телефондору: 0312392278-Тышкы байланыштар бөлүмү

0312392228-Карьера Борбору