logo1

Бишкек финансы-экономикалык академиясы 2015 жылдын 10 июлунда Конрад Адэнауэр фондунун колдоосу менен «Кыргызстандын жогорку билим берүүсүндө сапат маданиятын өнүктүрүү: билим берүү мекемелеринин өзүн өзү баалоонун технологиясы жана мазмуну» темасында тегерек стол өткөрдү. Бул жолугушууда Бордордук Азия боюнча Конрад Адэнауэр фондунун аймактык толук укуктуу өкүлү Т.Кунце, Москва ш. Бизнес жана укук институтунун проф. Зыбкин А.В., БФЭАнын ректору, КР жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук эксперт, доц. Сирмбард С.Р., Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин председатели Бакиров А., билим берүү боюнча көз карандысыз консультант Өмуркулова Ч. Болушту.

БФЭАнын ректору Сирмбард С.Р. өзүнүн «Билим берүү программалардын сапатын кепилдөө боюнча документация» темасындагы презентация учурунда TEMPUS (CANQA и DOQUP) долбоорлорунун алкагында окутуунун сапатын уюштуруу боюнча академиянын тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул долбоор Европалык Биримдигинин финансылык колдоосу менен Борбордук Азиянын ЖОЖдорунда ишке ашырылды.

БФЭАнын окуу бөлүмүнүн башчысы Суеркулова Н.Т. билим берүү программалардын сапатын кепилдөөнү камсыз кылуу боюнча электрондук документациянын практикалык мисалы катары DOQUP долбоорунун алкагында иштелип чыккан он-лайн платформасын көрсөттү. Он-лайн платформасында маалымат кантип топтолоорун, ар бир дисциплинанын максатын жана жыйынтыктарын, баалоонун ыкмаларын көрсө болот.

Тегерек солдун катышуучулары Москва шаарындагы бизнес жана укук институнун проф. А.В.Зыбкин «РФ жогорку окуу жайларында өзүн иликөө иштерин уюштуруу жана өткөрүүнүн ыкмалары» аттуу темадагы презентацияга күбө болушту. Ал өзүнүн жасаган презентация учурунда Жогорку билим берүү системасынын транспаренттүүлүгү, ЖОЖдордун өзүн өзү баалоо жыйынтыктарынын ачыктыгы, Рособрнадзор тарабынан жыйынтыктарга милдеттүү түрдө мониторинг жүргүзүү жана ар бир билим берүүмекемелеринде илимий-изилдөө борборду түзүү маселелерине токтолуп кетти.

КР Билим берүү жана илим Министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү А.Ахматова ЖОЖдордун көбүндө өзүн өзү баалоо боюнча отчеттор формалдуу түрдө түзүлгөн, сан жагы гана көрсөтүлүп, жетекчилик тарабынан түшүнүү, колдоо жоктугун баса белгиледи.

К.И.Скрябин атындагы КУАУ сапат бөлүмүнүн башчысы И.Алыкеев талкулоо учурунда ЖОЖдордун өзүн өзү баалоо иштерин 2015 ж. 01.09 баштоо керектигин белгилеп кетти, анткени көз карандысыз аккредитация окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө терең анализ жүргүзүүнү жана кошумча документтерди даярдоону талап кылат.

Презентациядан кийин дискуссия жана суроолорго убакыт берилди. Азыркы этапта КР академиялык коомчулугу жогорку билимдик сапат системасы, анын негизги принциптери тууралуу аз билишет. Ошондуктан өзүн өзү баалоону уюштуруу жана аккредитацияга даярдоо боюнча окутууну ЖОЖдордо гана өткөрүү менен чектелбейт өлкөнүн ичинде да аккредитация боюнча эксперттерди даярдоо керек. Тегерек столдун катышуучулары бир пикирде мындай иш-чаралардын азыркы мезгилде актуалдуулугуна белгилешти.