logo1

2015 жылдын 17 майында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде экскурсия сабагы өттү. Экскурсия «Ата Мекен тарыхы» жана «Маалыматтык- коммуникациялык технологиялар» дисциплиналар боюнча «Экономика», «Менеджмент жана Туризм» багыттарынын 2 курсунун студенттери үчүн өткөрүлдү. Экскурсия сбагы «Фундаменталдык дисциплиналар» департаментинин башчысы Мамбетакунов У.Э. жана «Гуманитардык дисциплиналар» департаментинин окутуучусу Т.Сырдыбавдин жетекчиликтери алдында болду.

Комплекс тууралуу маалымат «Ата-Бейит» М.К. Бишкек шаарынан 30 км алыс жайгашкан Чоң-Таш айылында XX кылымдын 30-жылдарындагы репрессия курмандыктары болгон биздин мекендештерибизге тургузулган эстелик. Мемориалдык комплекс 2000 жылы Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевдин демилгеси боюнча курулган. Бул жерде 19 улутундагы 137 кыргызстандыктарынын сөөктөрү коюлган.

Сталиндик репрессия мезгилинде кыргыз интеллигенциясынын чыгаан өкүлдөрү соттун чечими жок эле атууга кетишкен. Алардын ичинде КСН председатели Ю.Абдрахманов жана Б.Исакеев, Кыробкомунун секретары Т. Айтматов, айыл-чарба наркому Э. Эсенаманов, агартуу наркому К.Тыныстанов ж.б. партиялык жетекчилер.

Чоң-Таш-Кыргызстанда мамлекет тарабынан өз элине жасаган кылмыштары тууралуу документалдуу түрдө далилденген жалгыз тарыхый жай.

«Ата-Бейит» МК. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүгү. Мемориалдык комплекске (жалпы аянты-2га) скульптуралык композиция жана музей, 137 адам атылып жана биринчи сөөктөрү коюлган жер, эстелик-мемориалы кирет. «Ата-Бейит» (аянты-400 кв.м.) музейинде Кыргызстандын 1920-30 жылдарындагы саясий өнүгүүсү тууралуу документтер жана сүрөттөр, репрессия курмандыктары жөнүндө материалдар көрсөтүлгөн. Музейдин тарых музейинин илимий кызматкерлери А.Исраилова, О. Ильинская, К.Кималаев.