logo1

2015 жылдын 24 апрелинде Бишкек финансы-экономикалык академиясы бүтүрүүчүлѳрдүн жолугуушусун ѳткѳрдү. Бул жолугушууну жылына ѳткѳрүү жакшы салтка айланды. Иш-чарага окуу жайыбыздын алгачы ректору, проф. Мавлянов А.С. (азыркы учурда КР ЖАК председатели), БФЭАнын ректору доц. Сирмбард С.Р. проректорлор, бүтүрүүчү программалардын жетекчилери, окутуучулар жана студенттик ѳкмѳтүн ѳкүлдѳрү катышты.

Бул иш-чараны «Дамас» отелинин конференц-залында ѳткѳрүүгѳ БФЭАнын ардактуу бүтүрүүчүсү, экс-премьер-министр, э.и.д., Жапаров А.У. кѳмѳк кѳрсѳттү.

Жолугушуу учурунда БФЭАнын бүтүрүүчүлѳрү академия сунуштаган жаңы билим берүү программалар менен таанышуу, башка бүтүрүүчүлѳр жана билим алган окуу жайы менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүктѳрдү алышты. Ошоной эле алар билим берген ѳздѳрүнүн устаттарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Ѳткѳрүлүп жатка ниш-чарабыз Екатеринбург шаарында ѳткѳн VI Евразиялык экономикалык форумда байгелүү орунга татыктуу болгон биздин финалисттердин келүүсүнѳ туш келди. Алар самолеттун трапынан түз эле жолугушууга келип, ѳздѳрүнүн ийгиликтери жѳнүндѳ айтып беришти. Студенттер окуу жайыбыздын жетекчилигине Урал мамлекеттик Университетинин ректорунун жазган ыраазычылык катын салтанаттуу тапшырышты.

Жолугушууда Бүтүрүүчүлѳр ассоциясынын башкармалыгынын мүчѳлорүн жана председателин шайлоо чечими кабыл алынды.

Ошондой эле окутуучулар жана студенттердин сүрѳттѳрүнѳн түзүлгѳн ролик барына жакшы маанай тартуулады.

Бүтүрүүчүлѳрдүн жолугушуусу фуршет менен аяктады.