logo1

БФЭАнын студенттери экологиялык акцияларга активдүү катышат. «Биз таза Бишкек үчүн!» деген девиз менен жаз мезгили башталды. Борбор шаарыбыздын мээриясынын демилгеси боюнча ѳткѳрүлгѳн ишембиликтерге чыгуу жакшы салтка айланды.

Ошондой бир ишембилик Агропромхлдингде эмгектен БФЭАнын бүтүрүүчү  Ядгаров Алишер менен бирдикте ѳттү. Ишембилик болоордун астында Агропромхолдингдин кызматкерлери студенттерге таштандыларды пластик, кагаз жана жалбырактарды бѳлүп чогултуу тууралуу тренинг ѳткѳрүштү.

Студенттер экология окутуучусу М.К. Рыскулова менен бирдикте кѳрсѳтүлгѳн территорияда ишембилик ѳткѳрүштү.

Ишембиликтен кийин болгон спорттук мелдеште биздин кыздар арткан тартуу боюнча курама команданы жеңишти.

          Ишембиликтен кийин студенттер Академиянын бүтүрүүчүсү А. Ядгаров менен Агропромхолдинг комбинатына экскурсияга барышты.