logo1

2015-жылдын 10-апрелинде Бишкек финансы-экономикалык академиясынын 2-курсунун Э-1-13, Э-2-13, Э-3-13, М-2-13, Т-6-13 группаларынын студенттери Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрына улуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 150 жылдык мааракесине арналган К.Сактановдун  “Чоң кербез” аттуу спектаклине барышты.

Бул иш – чаранын максаты -  Улуу акын, мыкты комузчу Т.Сатылгановдун өлбөс-өчпөс мурас катары муундан муунга өтүп жашап келген күүлөрүн, чыгармаларын терең өздөштүрүү жана билүү. Токтогул Сатылганов турмуштун татаал жолуна так баа берген, ойчул, акылман инсан катары таанымал. Анын оомалуу – төгүлмөлүү дүйнө, өмүр жана өлүм, деги эле турмуш жөнүндө ой жүгүртүүлөрү анын ырларында абдан таамай жана так чагылдырылган.

Гуманитардык дисциплиналар департаментинин доценти  Абдыкадырова М.Б.