003

2015 жылдын 10 апрелинде БФЭАда Швециянын Билим берүү министрлигинин консультанты Lennart Stahle мырзанын жана KTH Royall Institute алдында эл аралык академиялык мобилдүүлүк долбоорунун координатору Mohammad Saleh мырзанын студенттер жана окутуучулар менен чакыруу лекциясы өттү. Lennart Stahle мырзы Европалык университеттердеги жогорку билим берүү системасы, тактап айттканда Университеттердин автономиясы, ошондой эле Борбордук Азиянын студенттери үчүн гранттык программалар жана академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Mohammad Saleh мырза студенттерге кантип стипендиялык программаларды издөө керек жана арыз берүүдө эмнеге өзгөчө көӊүл буруу зарыл деген кеӊештерин берди. Ошондой эле ал студенттерге академиялык коомдук турмушунда жана окуу процессин уюштурууда активдүү болууну сунуштады. Азыркы учурда билим берүү процессинде кандай өзгөрүүлөрдү каалайсыӊар? – деген суроо студенттер. Академиянын спорт залы жок, лекцияларда интерактивдүү методдор колдонулса, англис тилинде модулдарды киргизүү тууралуу өз ойлорун билдиришти.

Бул жолугушуу студенттер жана окутуучулар үчүн да абдан кызыктуу өттү.

 

Тышкы байланыштар бөлүмү