logo1

Жакшы салтка айланды

        2015-жылдын 7 апрелинде БФЭАнын Э-1-14, Э-2-14, М-3-14 группаларынын студенттери Т. Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрына М. Метерлингдин “Көк куш” аттуу жомок-спектаклинин бет ачаарына барышты. Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана пропагандалоо программасынын алкагында өттү. Анын максаты – эне-тилин урматтоо жана барктоо, ата-салтын билүү, жоопкерчиликтүү болуу сезимин тарбиялоо, алдыга койгон маселени чыгармачылык менен чечүүнү үйрөнүүгө багыт берүү болуп саналат. Спектаклдин сюжети жомок болсо да, көрүүчүлөрдүн рухий дүйнөсүнө чоң таасир тийгизди. Адам дайыма жаратылышында бактылуу болууга умтулат эмеспи. “Колдо бар алтындын баркы жок” деген макалда айтылгандай спектаклдин каармандары бакыт издеп, көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү. Көрсө, бакыт бул өз жери, ата-энеси, достору турбайбы?! Ошондой эле Шарихат Кубатбековнанын чакыруусу боюнча Бишкек шаарынын №87 орто-мектебинин 11-классынын 6 окуучусу кесипти тандоо ишин жүргүзүү алкагында театрга спектакль көрүүгө келишти. БФЭАнын студенттери үчүн театр, музей, филармоняга баруу жакшы салтка айланды.

Гуманитардык дисциплиналар департаментинин ага окутуучусу

Кубатбекова Ш.К. 07.04.2015ж.