logo1

2015-жылдын 4 апрелинде «Болочок кесибимдитандоо» аттуу тематикалык жолугушуу циклынан мектептердин бүтүрүүчүлѳрү менен жолугушуу ѳттү. Жолугушууда Бишкек ш. жана борборго жакын жайгашкан № 8,9,19,21,23,38,42,47,50,54,57,63,65,73,87 мектептеринин бүтүрүүчүлѳрү болушту.

Иш-чарада БФЭАнын кѳзѳмѳлдѳѳ кеңешинин председатели, профессор, экс-премьер министр Атаханов Ш.Э. ѳзүнүн сѳзүндѳ жашьардын келечектеги кесибин туура тандоо эң маанилүү белгиледи. Ар бир адам экономикалык сабаттуу, болуп ѳзүнүн акча каражаттарын келечектеги максаттары үчүн топтоону билүү жана туура пайдаланууга үйрѳнүш керектигин айтты.

Ошондой эле «Сенти» компаниясынын аткаруучу директору Аскарбекова М.Ж. акчанын экономикалык жүгүртүүсүнүн практикалык жагына акцент жасады. Миллионду кандай натыйжалуу жайгаштыруу тууралуу мисал келтирди. Семинар интерактивдүү режимде ѳтүп, катышуучулар суроолорду берип жатышты.

Семинар учурунда катышуучуларга БФЭА жѳнүндѳ ролик кѳрсѳтүлдү, окуучулардын экономика боюнча билим деңгээлин текшерүү максатында (мектеп программасы алкагында) викторина ѳттү. Мыктыларга дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланыщты.

1-орун-Казыбекова А.-№ 38-мектеп

2-орун-Абраимова М.-№21-мектеп

3-орун-Дадинев М.-№65-мектеп

Семинарды-уюштурууга кѳмѳк кѳрсѳткѳн мектептердин мугалимдерине ыпаазычылык каттар тыпшырылды.