logo1

2015-жылдын 27 мартында “Плаза Отелде” “Борбордук Азиядагы ЖОЖда E-Learning системсында сапат менеджментин киргизүү” TEMPUS QAMEL долбоорунун алкагында “КР ЖОЖда дистанттык жана электрондук окутуу: нормативдик-укуктук, методикалык жана техникалык камсыздоо” темасында тегерек стол өттү. Конрада Аденауэра атындагы фонддун колдоосу менен дистанттык билим берүүнүн кыргыз ассоциациясы (КАДО) Бишкек финансы-экономикалык академиясы менен бирдикте тегерек столдун уюштуруучулары болушту. Тегерек столдун максаты – нормативдик-укуктук камсыздоо, окуу методикалык камсыздоо, маалыматтык-коммуникациялык камсыздоо, эл аралык кызматташууну  түзүүдө комитеттердин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча куралдарын иштеп чыгуу болуп саналат.

Комитеттердин иш аракет пландарынын долбоорлору көрсөтүлдү: И.А. Дмитриенко, КМЮА окуу иштери боюнча, проректору – нормативдик укуктук камсыздоо боюнча, Н.Т.Суеркулова, БФЭА окуу бөлүмүнүн башчысы-окуу-методикалык камсыздоо боюнча, Р.Ф.Ярмухамедов – И.Раззаков атындагы КТУ  ДОИ жана КЖ институтунун директторунун орун басары маалыматтык  коммуникациялык камсыздоо боюнча, Э.Сагынтай кызы, илим жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы – эл аралык кызматташуу боюнча.

БФЭАнын ректору, КР жогорку билимди реформалоо боюнча улуттук эксперти С.Р.Сирмбардын айттусунда тегерек столдун өзгөчөлүгү КР электрондук окутууну өнүктүрүү үчүн академиялык коомчулуктун бирдиктүү иш аракетти иштеп чыгуу боюнча иштиктүү кадамга өтүүсү.

Борбордук Азия университеттери үчүн электрондук окутуу боюнча иштелип чыккан документтерди кароодо QAMEL консорциумунун мүчөсү болгон БФЭА, КМЮА,, МГУ жогорку жайларынын, Борбордук Азия ЖОЖдо E-Learning системасына сапат-менеджментин киргизүү Tempus долбоорунун ишмердүүлүгүнүн алкагында алган баа жаткис тажрыйбасына белгилеп кетти.