logo1

Искусство дүйнөсүнө саякат

2015 ж. 24-февралында БФЭАнын 1-курсунун “Экономика”, “Менеджмент” багыттарынын студенттери Т. Абумомунов атындагы Кыргыз Академиялык драма театрында болушту. Иш чаранын максаты: эне тилин, тарыхын билүү, улууларды урматтоо, элин-жерин сүйүү сезимдерин арттыруу.

“Чынгыз хандын ак булуту” спектаклин Э-1-14 группасынын 20 студенти, Э-2-14 группасынын 20 студенти жана М-3-14 группасынын 10 студенти кызыгуу менен көрүштү. Театрдын аурасы, актерлордун чебер аткаруусу, сахнанын жасалгасы, чыгарманын сюжети – баары студенттерге чоң таасир калтырды.“Мен сөзсүз театрга келемин!” – деген ат менен кайтышты. Бул иш-чара Академияда Мамлекеттик тилди пропагандалоо программасынын алкагында өттү:

Гуманитардык дисциплиналар департаментинин

ага окутуучусу

Кубатбекова Ш.К.