logo1

Финансы министирлигинин окутуу борборунун башкы адисти, экономика илиминин кандидаты, доцент Турдуманбетова Э.Д окуучулар үчүн заманбап резюме түзүү жана карьера түзүүнүн жолдору боюнча мастер класс өткөрдү  жана финансы минисирлигинин ишмердүүлүгү тууралу баяндады. Доцент Мамбетакунов У.Э жана биринчи курстун “экономика” багытында билим алган студенттер Мирзалимова Лаззат жана Ибраимова Элина математикалык викторина өткөрүштү. Викторинанын башкы максаты-окуучулардын математикага болгон кызыгуусун жогорлоту, анткени математикасыз келечекте мыкты экономист болуу мүмкүн эмес. Окуучулар бул семинарга өзүнүн кызыгуусун билдиришти жана бардык иш чараларга активдүү катышты.

Семинарда төмөнкү мектептердин окуучулары катышты: №11, №1 (Лебединовка мектеби), №28, №29, №69, №49, №1 (Ново-Павловка мектеби), №2, №8.

Семинар жана викторинанын жыйынтыгы боюнча, төмөнкү окуучулар алдынкы орундарга ээ болуп, USB-флешкалары менен сыйланнышты:

1 орун: Мисюрин  Андрей – №28 гимназия мектеби

2 орун: Ахметова Мадина – №11 орто мектеби

3 орун: Кожомкулова Диана – №11 орто мектеби.

Калган окуучулар БФЭА жанан “Coca-Cola Bishkek Bottles” компаниясынын белектерин алышты. Семинар жана викторинаны уюштуруда жана өткөрүүдө активдүү катышкан БФЭАнын студенттери, студенттик өкмөттүү жана ENACTUS командасын өзгөчө белгилеп кетким келет.