logo1

“Кесип тандоо” семинары

БФЭАнын 2015 жылдын 14 мартында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жардамы  менен келечекте кесипти тандоо боюнча мектеп окуучуларына семинар өткөрдү семинарды модератор, “Экономика” программасынын  жетекчиси, экономика  илиминин доктору, доцент Абыкеева  М.А ачык семинарды өткөрүүнүн  негизги идеясы менен  тааныштырды. Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын атынан башкы адиси Бактыгулова Ч.А сөз сүйлөдү.

Семинардын алкагында КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын окуу борборунун башчысы Туменбаева Э.С салык кызматынын ишмердүүлүгү, структурасы салык жыйноонун принциптери жөнүндө кеӊири билдирүү жасады  ошондой эле мамлекеттик салык кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу ролик көрсөтүлдү. Финансы министрлигинин окуу борборунунбашкы адиси, э.и.к доцент Урдуманбетова Э Д министрликтин ишмердүүлүгү жана окуучулар үчүн резюмени түзүү боюнча мастер класс өткөрдү.

Доцент Мамбетакунов У.Э жана “экономика” багытынын 1 курсунун студенттери Мирзалимова Л Ибраимова Э математикалык викторина өткөрүштү. Бул викторинанын максаты – келечектеги экономистерди математиканы окууга кызыктыруу. Окуучулар семинардын бардык иш-чараларына активдүү катышышты. Семинарга Лебединовка №11,1 мектептеринин, шаардык 28,29,69,49 мектептеринин, Ново-Павловка айылынын № 1,2,8 мектептеринин окуучулары келишти.

Семинар жана викторинанын жыйынтыктары боюнча төмөнкү окуучулары байгелүү орундарды ээлеп, USB-флешкалары менен сыйланышты.

1 орун – Мисюрин Андрей – №28 мектеп гимназиясы

2 орун – Ахметова Мадина – №11орто мектеби

3 орун – Кожомкулова Диана – №11 орто мектеби

Калган окуучулар БФЭАнын “Coca-Cola Bishkek Bottlers” компаниясынын белектерине татыктуу болушту.

Бул семинар жана викторинаны өткөрүү уюштуруу иштерине активдүү катышкан ENACTUS командасын, БФЭАнын профессордук окутуучулук составын, студенттерин, анын ичинен студенттик өкмөтүнүн ишин белгилеп кеткибиз келет.