logo1

“Кесип тандоо” семинары

Бишкек финансы-экономикалык академиясы Бишкек ш. билим берүү башкармалыгын колдоосу менен келечектеги кесипти тандоодо жардам көрсөтүү максатында туризм менеджмент, экономика областындагы белгилүү адистер, мектеп бүтүрүүчүлөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулар КР Билим берүү жана илим министрилигинин жогорку класстардын окуучуларын кесипке багыт берүү иштерин жакшыртуу тууралуу сунуштарын аткаруу алкагында өткөрүлүүдө. Бул жолугушууда мектеп окуучулары кызыккан кесиптер тууралуу жана карьердик өсүш сырлары боюнча суроолорду бере алышат. Жолугушуудан кийин “Өзүндү да, кесибиӊди тандай бил” “Ийгиликтүү карьеранын сыйлары” темаларындагы оюн жана викторина өткөрүү пландаштырууда.