logo1

2015-жылдын 10 мартында Бишкек финансы-экономикалык академиясында КЭУ, БФЭА жана Туризм академиясынын окутуучулары менен студенттеринин катышуусунда «Туризмдеги маалыматтык технологиялар» темасындагы тегерек стол ѳттү. Бул иш-чаранын максаты-туризде маалыматтык технологияларды пайдалануу перспективалары жана актуалдуу проблемаларды талкулоого дискуссиялык аянтча берүү.

Тѳмѳнкү суроолорду талкулоого ѳзгѳчѳ кѳңүл бѳлүндү.

  • Туристтик ишканалардын ишмердүүлүгүндѳгү маалыматтык технрлогиялар
  • Web-сайттарды түзүүдѳ заманбап технологиялар
  • Туризмдеги ГИС-технологиялары жана прикладдык программаларды колдонуу
  • ГИС технологияларды жана медиа-технологияларды колдонуу

Кыргыз Тур:операторлор Ассоциациясын мүчѳсү, «Trevel Experts» туристтик компаниясынын генералдык директору Глуховеров С.Ю. Кыргызстандын туризм тармагын ѳнүктүрүү үчүн талкуланып жаткан суроолордун маанисин белгилееп кеттип. «Менеджент жана Туризм» программасынын жетекчиси, профессор Абдыров Т.Ш. тегерек столдун катышуучуларына, меймандарына жана уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирин, иштерине ийгилик кетти. бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.