logo1

Балдар үйүнө баруу.

2015-жылдын 28 февралында студенттик өкмөтүнүн мүчөлөрү Э3-13 группасынын жана 4 курстун студенттури кайрымдуулук акциясы менен Военно-антоновкалык балдар үйүнө барышты. БФЭАнын окутуучулары жана студенттери бар ай аралыгында балдарга кийим, концелярдык товарларды, оюнчук жана акча каражаттарын топтошту.

Өзгөчө бул жардамды уюштурууга активдүү катышкан, жоопкерчиликтүү мамиле жасаган студенттик өкмөтүнүн өкүлү Абдыбек уулу Даниярдын ишин белгилегибиз келет. Балдар үйүндө биздин студент жигиттерибиз футбол жана баскетбол оюндарды өткөрүштү, студент кыздарыбыз балдар үйүнүн кыздары менен теннис жана башка оюндарды уюштурушту. Оюндардан тышкары студенттер балдар үйүнүн  территориясын жыйноого жардам беришти. Бул жолугушуу улана берет деп ишененбиз, анткени жардам берүүнү унутпайбыз. Жардамыбыз моралдык жана материалдык жактан да болот. Жардам берүүгө шашыныз!

Катышуучулар:Мамбетакунов У.Э., Эрмек уулу Бексултан, Абдыбек уулу Данияр, Казаков Максат, Усон уулу Абдулмажит, Полянский Даниил, Астаповская Дария, Дуйшогулова Гаухар, Касымалиева Айжан, Озгонова Бегимай