logo1

БФЭА PhD докторантура программасынын угуучулары үчүн «Кыргыз Республикасында бизнес-процесстерин монополияга каршы тескөө» темадагы меймандык лекциясы.

2015-ж. 11-февралында шаршемби күнү саат 16:00 дө тематикалык меймандык лекциясын «Менеджмент жана туризм» программасы PhD докторантура программасынын угуучулары үчүн «Кыргыз Республикасында бизнес-процесстерин монополияга каршы тескөө» темадагы меймандык лекциясын уюштуруп, КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы тескөө мамлекеттик агентсттигинин Көзөмөл жана аудит башкармалыгынын жетекчиси Ли Павел Андреевич чакырылган.

Ал өзүнүн докладында монополияга каршы тескөө Мамлекеттик агентсттигинин ишмердиги жөнүндө, атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча жасалган иш чаралар боюнча жана ошондой эле ЕврАзЭСтин БЭМге кирүү боюнча Жол КР картасына нормативдик укуктук актыларын туура келтирүү иштери тууралуу кеңири айтып берди.

Доклад бүткөн соң, угучуулар жана мейманыбыздын ортосунда «суроо-жооп» форматында маектешүү өттү. Ал маектешүүдө Павел Андреевич энергетика, телекоммуникациялык тейлөө тармагы, мамлекеттик сатып алуулар, азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана ушул сыяктуу маселелер боюнча суроолорго жооп берди. Аягында Павел Андреевич азыркы экономикалык абалда бизнести башкаруу областында компетенттүү жана жогорку сапаттагы билимге ээ болгон кадрлардын керектүүлүгүн баса белгилеп, БФЭАнын угуучуларына илимдеги чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетти.