logo1

БФЭАнын студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын музейинде

Э-1-14 группасынын студенттери доцент Мамбетакунов У.Э. жана ага-окутуучу Тентиева М.А. жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын музейине экскурсияга катышып келишти. Жүргүзүлгөн иш-чара учурунда 1993-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта борбордук банк тарабынан чыгарылган бардык банкноттор жана монеталар боюнча маалыматтар камтылган. Экскурсияда банктын кызматкери студенттерге мындай маалымат берди: «Улуттук валютанын банкноттору жана монеталары мамлекеттин накталай акча-жүгүртүүсүнүн негизи болуп саналат. Аларды иштеп чыгуу жана чыгаруу – борбордук (улуттук) банктын негизги милдеттеринин бири. Мындан тышкары, маданий-агартуу максатында юбилейлик коллекциялык акча белгилери да чыгарылат»

IMG_20150204_141739[1]   IMG_20150204_141820[1]

Маалыматты даярдаган доцент Мамбетакунов У.Э.