logo1

2015-жылдык 22 январында «Экономика» «Менеджмент жана Туризм» программалардын колдоосу менен «Кыргыз Республикасынын азыркы этаптагы Бажы союзуна интеграциясы: артыкчылыктар жана кембиликтер» темасында тегерек стол өттү. Бул иш чарада актуалдуу маселелер боюнча PhD программалардын докторанттары жана магистранттары доклад жасашты. Чакырылган меймандардын арасында КР экономика министирлигинин кеңешчиси Умурзаков С. КР финансы министирлигин фискалдык мыйзам чыгаруу башкармалыгынын башкы адиси Бегалиев А.М., КР Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр мене иш жүргүзүү башкармылыгынын башкы инспектору Киркеев К.Ш., КР Окмотуно караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын бажылык кызматташуунун Башкы башкармалыгынын башкы инспектору, полковник Бербоев А.Т. болушту.