logo1

БФЭА нын мектеп мугалимдерине усулдук жардамы Бишкек Финансы – Экономикалык академиясы 2015 – жылдын 12 январынан тартып окуу процессинде маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча Бишкек шаарынын № 47 жалп ы билим берүү орто мектебинин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрө баштады.

Курстардын тренерлерин бири доцент У.Э. Мамбетакунов белгилегендей иш чаранын негизги максаты – бул заманбап маалыматтык технология областында мугалимдердин кесиптик педагогикалык компетенттүүлүгүн бекемдөө жана окучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу үчүн компьютердин бардык мүмкүнчүлүктөрүн активдүү колдонуу болуп саналат. Бул иш чараны өткөрүүдө фундаменталдык дисциплиналар департаментинин ага окутучуусу Иманалиева Ч.А., маалыматтык – методикалык бөлүмдүн ага окутуучусу Суеркулова З.Т. менен Шамиль уулу Азим активдуу катышты.

БФЭА нын Бишкек шаарынын мектептери менен жүргүзгөн кызматтаашуусу окуу процессинде маалыматтык технологияларды активдүү колдонуу жана ачык билим беру ресурстарын ишке ашыруу алкагында өтүп жатат.