logo2

С новым годом

Кымбаттуу кесиптештер, окутуучулар, студентер! Сиздерди келе жаткан жаңы 2015 жылыңыздар мене чын жүрөктөн куттуктаймын! 2014-жыл биздин жааматыбыз үчүн олуттуу иштерге жана маанилүү окуяларга бай жылдардан болду. Биз өткөн жылы окуу жайыбыздын 20 – жылдык маарекесин татыктуу өткөрдүк. Академия ушул мезгилдин аралыгында чон ийгиликтерге жетишип , Кыргызстандын жогоркуу окуу жайларынын арасында алдынкы татыктуу орунду ээледик. Жаңы жыл сиздер учун илимий жетишкендиктердин, окуудагы ийгиликтерди жана чыгармачылык демилгелердин жылы болооруна терең ишенемин. «Илим ийне менен кудук казгандай» дегендей сиздерге татаал билим жолунда алдыга койгон максаттарга жетүдөө кайраттуулукту жана чыдамкайлыкты каалаймын. Кымбатуу кесиптештер, жаңы жыл сиздерге чыгармачылык шыктануу алып келсин, жарык маанай, бакыт – таалай тартууласын! Сиздерге жана үй – бүлөңүздөргө чын ден – соолук, бакыт – таалай, иштеринездерге ийгилик каалаймын! Жаңы жылыңыздар кут болсун!

БФЭА нын ректору

доц. Сиримбард С.Р.