logo1

2014-жылдын 4-декабрында БФЭАда “Менеджмент жана туризм” программасы 4-курстун студенттери үчүн “Кыргыз Республикасына инвестициялар”  аттуу лекция уюштурушкан. Лекцияны КРнын Экономика министерствосунун инвестициялык саясат жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Абдрахманов Канат Жаныбекович өткөрдү. Слайддардагы абдан кызыктуу жана татаал схемалар менен берилген материалдар аргументтүү,  иреттүү айтылгандыктан студенттерге жеткиликтүү болду.  Биздин өлкөдөгү инвестиция жана инвестициялык башкаруу жөнүндөгү түстүү материалдар  таратылды.

Лекция эркин талкуу аркылуу коштолуп, биздин өлкөдөгү татаал жана актуалдуу болгон инвестициялык менеджмент жөнүндө студенттер толук маалымат алышты. КР  экономика министрлигине жана Абдрахманов Канат Жаныбековичке студенттер үчүн кызыктуу жана маанилүү лекция уюштуруп бергендигине терең ыраазычылык билдиребиз!

Программа «Менеджмент и Туризм»