Студенттердин чыгармачылыгы менен билимин тереңдетүү жана “Экономика” программасынын новаторлук идеясын колдоо максатында 2014-жылдын 1-декабрында “Экономист сыймыктуу кесип” аттуу конкурс өткөрүлдү.  Бул иш-чарага “Экономика”  багытындагы 2-4 курстун студенттери катышты.

Ар бир команда:

1. “Экономист” эмблемасын

2. Девизин

3. Экономика жөнүндөгү өзүнүн ойлорун презентациялашты

Калыстар тобу: БФЭАнын тарбия иштери боюнча проректору Эгембердиев Ш.Э.,, КР Өкмөтүнө караштуу салык кызматы окуу борборунун төрайымы Туменбаева Э.С., , РСК банк ревизиялык комиссиянын мүчөсү Адылбек уулу Шумкарбек. Конкурстун жыйынтыгында орундар  аныкталып, баалуу сыйлыктар берилди.

1-орун – группа Э-3-12  ( 3-курс)

2-орун – группа Э-10-11  (4-курс)

3 орун – группа Эс-4-12  ( 3-курс)

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!